Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Борборшайлоокомунун 2024-жылдын 28-октябрындагы № 175 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартибин жөнгө салат.
2. Аралыктан добуш берүү (мындан ары - АДБ) электрондук жана/же кагаз түрүндөгү шайлоо бюллетенин жана электрондук системада добуш берүү маалыматтарынын автоматтык жыйындысын пайдалануу менен (аралыктан) шайлоо участкасында добуш берүү;
3. АДБ Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайлоочуларынын тизмесине киргизилген, бирок убактылуу жок болгондугунан улам туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүү мүмкүнчүлүгү болбогон жана аралыктан добуш берүүгө катышуу жөнүндө арыз берген жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн багытталган.
4. Аралыктан добуш берүүнү өткөрүүдө шайлоочунун өз эркин билдирүүсүн жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү жана шайлоочунун өз эркин билдирүүсүнүн натыйжаларынын шифирленген түрдө өзгөрүлбөстүгүн эске алуу менен аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды түзүү, добуш берүүнүн жашыруундуулугун сактоо, шайлоочунун жеке маалыматтары менен анын өз эркин билдирүүсүнүн натыйжасынын ортосундагы байланышты түзүүнүн мүмкүн эместиги, ошондой эле жарандык контролдун жана мониторингдин өбөлгөлөрүн камсыздоо камсыз кылынат.
5. Бул Жобо Конституциянын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - КР БШК) актыларынын талаптарынын негизинде кабыл алынган.
2. Аралыктан добуш берүү процессин уюштуруу. Аралыктан добуш берүүнүн участкалык шайлоо комиссиясын (мындан ары - АДБ УШК) түзүү
6. Аралыктан добуш берүү участкаларын ачуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин КР БШК чечими менен аныкталат.
КР БШК аралыктан добуш берүүнү өткөрүүнү камсыз кылууну аралыктагы участканын жайгашкан жери боюнча аймактык шайлоо комиссиясына жүктөөгө укуктуу.
Аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкасын уюштуруу жүктөлгөн аймактык шайлоо комиссиялары аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкасы жайгашкан жерге жакын турган участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен шайлоо комиссиясын түзөт.
АШК аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкасын (мындан ары - АДБ ШУ) ачуу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин дароо АДБ УШК түзөт.
АДБ УШК сандык курамы аралыктан добуш берүүнү каалагандыгын билдирген шайлоочулардын төмөндөгү санына жараша аныкталат:
- 900 шайлоочуга чейин - 7 мүчөдөн кем эмес;
- 901ден жана андан жогору шайлоочудан - 9 мүчөдөн кем эмес.
Бир АДБ ШУда добуш берүүнү каалагандыгын билдирген шайлоочулардын саны 3000 шайлоочудан ашпоого тийиш.
Бир АДБ ШУда шайлоочулардын жол берилген саны ашкан учурда, шайлоочулар жакынкы АДБ ШУга жиберилет.
Бул аймактагы бир АДБ ШУда шайлоочулардын саны ашкан учурда КР БШК бул аймакта кошумча АДБ ШУ ачуу жөнүндө чечим кабыл алат.
АДБ УШКнын иштөө мөөнөтү шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин токтотулат. Аралыктан добуш берүү жыйынтыктары даттанылган учурда, АДБ УШКнын ыйгарым укуктары жогору турган комиссиянын чечимин аткарган же болбосо соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
АДБ УШК мыйзамдарда жана бул Жободо белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде аралыктан добуш берүүнү өткөрүү тартибин уюштурат, добуш берүү үчүн жайларды жана жабдууларды даярдайт, ар бир шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетендерин сорттоону жүзөгө ашырат.
АДБ УШКнын укуктук абалы, ишин уюштуруу жана анын тартиби, ошондой эле көз карандысыздыгынын кепилдиктери мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.
7. Аралыктан добуш берүүнү өткөрүү үчүн добуш берүү үчүн жай бөлүнүп берилет.
Добуш берүү үчүн жайда жарык берүү системасы жана жазуу буюмдары менен атайын жабдылган кабиналар, мониторлор, автоматтык эсептөөчү урналар (мындан ары - АЭУ), онлайн режиминде шайлоочунун биометрикалык маалыматтарын берүү үчүн байланыш каналдары (коопсуз зымдуу/зымсыз байланыш каналдары) бар принтерлүү идентификациялоо түзүлүшү (мындан ары - ПИТ), көрмө каттоо түзүлүшү, ноутбук, планшет, үзгүлтүксүз камсыздоо булактарынын түзүлүшү, ошондой эле тарамдык жабдуу жайгаштырылат.
Аралыктан добуш берүү үчүн жай АЭУ, ПИТ, обзордук монитор бир убакта шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, шайлоочулардын көз алдында болгудай жабдылууга тийиш.
Шайлоочуларды идентификациялоо процессинин жана добуш берүүнүн жүрүшүнүн айкындуулугу үчүн АДБ ШУ видебайкоо орнотулат.