Редакцияот 30.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 30-октябры № 5

Кенеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү

киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде 2023-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен бекитилген кирешелеринин планына салыштырмалуу пландан ашыкча аткарылгандыгы боюнча, айыл өкмөтүнүн КЭББ Н.Маразыковдун билдирүүсүнө негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXXI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Кенеш айыл өкмөтүнүн 9-айына жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн бекитилген планы анык аткарууларга салыштырмалуу 2300,0 миң сомго ашык аткарылгандыгы эсебинен: 2023-жылга бекитилген киреше булактарынан кармалуучу планынын 11111100 – беренеси боюнча киреше салыгы 900,0 миң сомго, 11111200-беренеси боюнча киреше салыгына бирдиктүү декларация салыгы 400,0 миң сомго, 11321300-беренеси боюнча айыл-чарба эмес багытындагы жер салыгын 250,0 миң сомго, 14152200 – беренеси жайыт ижара акысы боюнча 200,0 миң сомго, 14152600–беренеси КБФ ижара акысы боюнча 500,0 миң сомго, 11312110 – беренеси боюнча транспорт салыгына 100,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

 

2. Ал эми Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодекисинин 130-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин баланстуулугун сактоо үчүн 2023-жылдын жылдык кирешелер бөлүгүнүн планына тактоого киргизилген кошумча кирешелер, айыл өкмөтүнүн муктаждыктарына карата чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгү бөлүмдөрүнүн беренелерине бекитилсин. Аук айылынын Ж.Оморов көчөсүнө электр мамычасын (столба) сатып алуу үчүн 3111-беренесине 300,0 миң сом, Орто билим берүү мектептерге темир решетка (эшиктерге) 3111-беренесине 71,0 миң сом, Кызыл-Октябрь айылына столба жана жарыктандыруу 3111-беренесине 499,0 миң сом, СШ № 14 1-Май гимназия мектебинин полун оңдоо үчүн 2221-беренесине 500,0 миң сом, Үч-Булак айылындагы Фап тын крышасын жабуу үчүн 2221-беренесине 165,0 миң сом, Үч-Булак айылына көпүрөө куруу үчүн 3111-беренесине 112,0 миң сом, Жайыт-Комитетине 2215-беренесине 200,0 миң сом, Коткор айылына фут-зал куруу үчүн 3111-беренесине 453,0 миң сом IV-кварталдын планынын киреше жагы көбөйтүлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана КЭБ башчысына милдеттендирилсин.

 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

6. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш.М.Канполотов