Редакцияот 30.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 30-октябры № 8

Биргелешкен Мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө жобо

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 06-октябрындагы № 01-17/462 сандуу катындагы Биргелешкен Мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жобого негиз, Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1.  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жергиликтүү жамааттын Уставына жана муниципалитеттер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын баалоо жол-жоболорунун аткарылышын, жергиликтүү бюджет, жергиликтүү демилгелердин / долбоорлордун / программалардын ишке ашуусун жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик укуктук актыларына ылайык биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жобо жактырылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко милдеттендирилсин.

 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш.М.Канполотов