КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-октябры № 9
Электр трансформаторлорду оперативдик башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 20-октябрындагы № 01-17/496 сандуу катындагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн балансасында турган электр трансформаторлорду оперативдик башкарууга өткөрүп берүү максатында Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 15-март 2002-жылдагы № 37-мыйзамынын 16-беренесинин талаптарына ылайык, Кеңеш айыл өкмөтүнүн балансасында турган электр трансформаторлорду оперативдик башкарууга Базар-Коргон райондук электр тармактар башкармалыгына белгиленбеген мөөнөткө өткөрүп берүү жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана КЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М.Канполотов |