ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын
2024-жылынын 21-февралы №10
«“Шаардык мэриянын 09.02.2024-жылдагы “Үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү толуктоо киргизүү тууралуу” №01-14/335 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 09.02.2024-жылдагы “Үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү толуктоо киргизүү тууралуу” №01-14/335 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 23- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 09.02.2024-жылдагы “Үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү толуктоо киргизүү тууралуу” №01-14/335 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматы эске алынсын.
2. “Таш-Көмүр шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталуучу долбоорлорду тандоо” комиссиясы төмөндөгүдөй курамда ээлеген кызмат орундары боюнча өзгөртүү толуктоолор менен бекитилсин:
Комиссиянын төрагасы:
- Шаардык Кенештин аппарат жетекчиси.
Комиссиянын катчысы:
- Шаардык каржы башкармалыгынын адиси.
Комиссиянын мүчөлөрү:
- КРПЖАОЫУЁнүн Таш-Көмүр шаарындагы өкүлү;
- Шаардык мэриянын инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адиси;
- Таш-Көмүр шаардык Ардагерлер Кенешинин төрагасы;
- Таш-Көмүр шаардык Аялдар Кенешинин төрайымы;
- Шаардык билим берүү бөлүмүнүн эмгек кошуунунун төрагасы;
- Таш-Кёмър шаарындагы «Кыргыз Жаш Күч» коомдук бирикмесинин өкүлү;
- Таш-Көмүр шаарындагы “Садака биримдиги” коомдук бирикмесинин өкүлү.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына ( А.Джумашев) жъктёлсън.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |