Редакцияот 04.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Депутаттардын XXVIII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кеңешинин кезектеги VI-сессиясы

 

2022-жылдын 04-ноябры № 6/1

Ак-Кудук айыл өкмөтүндө сугат суусун берүүнү башкаруу жергиликтүү маанидеги маселе катары кароо жөнүндө

 

Нарын районунун Ак-Кудук айыл өкмөтүнө караштуу 8-Март айылынын жалпы чогулушунун сунуштарын эске алып,  Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 16-1 беренесин жетекчиликке алып Ак-Кудук айылдык кенеши токтом кылат:

1.Нарын районунун Ак-Кудук айыл өкмөтүндө сугат суусун берүүнө башкаруу жергиликтүү маанидеги маселе катары белгиленсин.

2.Ак-Кудук айыл өкмөтүнө төмөндөгүлөр тапшырылсын:

-Ак-Кудук айыл өкмөтүндөгү ички чарбалык каналдарды тактап,муниципиалдык менчикке өткөрүп берүүнү-кабыл алууларды жүргүзүү:

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчик обьектилеринин реестрине толуктоолорду  киргизүү:

-Жергиликтүү бюджеттин 2023-2024-2025 жылдарга карата пландуу көрсөткүчтөрүнө Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн ички суу чарба курулмаларын каржылоого  байланыштуу  маселелерди киргизүүнү.

3.Ушул токтом мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттү мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы  К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

Төрайым: 

 Б.Кадиева