КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-октябры № 10
Муниципалдык менчик объектерин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн
тартиби жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 03-октябрындагы № 01-17/445 сандуу катындагыМуниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоонун типтүү эрежелерине негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругуна негиз, муниципалдык менчик объектерин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобо жана айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоонун типтүү эрежелери жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М.Канполотов |