Редакцияот 30.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 30-октябры № 11

Калкка кызмат көрсөтүү борбору жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү максатында Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1.  Калкка кызмат көрсөтүү борборунун ишмердиги жөнүндө Типтүү жобо 2011-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жобо жактырылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко милдеттендирилсин.

 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш.М.Канполотов