КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-октябры № 12
1-Май айылынын тургуну Ажимурзаев Толонбайдын арызы
жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май айылынын тургуну Ажимурзаев Толонбайдын кошунасы Эгембердиева Курбанбу мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыктан тажиесине кеткен чыгымдарды көтөргөндүгүнө байланыштуу Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XXХI-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май айылынын тургуну Ажимурзаев Толонбайдын арызын канааттандыруу максатында 10 000 (он миң) сом акча каражатын берүү жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана социалдык бөлүмүнүн башчысы Э.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
1. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М.Канполотов |