ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXХ чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын
2024-жылынын 21-февралы №11
«“Шаардык мэриянын 19.01.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 22-сессиясынын №9 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизип берүү тууралуу” №01-14/140 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 19.01.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 22-сессиясынын №9 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизип берүү тууралуу” №01-14/140 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 23- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шаардык мэриянын 19.01.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 22-сессиясынын №9 токтомуна ёзгёртъъ толуктоо киргизип берүү тууралуу” №01-14/140 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматы эске алынсын.
- Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин 30-чакырылышынын кезектеги 22-сессиясынын №9 токтому менен бекитилген тиркемесинин 6-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү толуктоо киргизилсин:
· №14 Үмүт бала бакчасынын “Айнек, эшиктерин жана чатырын алмаштыруу” долбоору.
- Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
- Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
- Токтомдун аткарылышын кёзёмёлдёё жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |