КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-октябры № 3
Кызыл-Октябрь айылындагы А.Исмаилов жана Б.Калбеков
көчөлөрүн асфальтоо жөнүндө
Кеңеш айыл аймагына караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы А.Исмаилов жана Б.Калбеков көчөлөрүн асфальттоо максатында Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Октябрь айылындагы А.Исмаилов жана Б.Калбеков көчөлөрүн асфальттоого Өнүктүрүү фонд тарабынан өздүк салым эсебинен 350 000 сом акча каражаты кароо жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана ФЭБ башчысы Н.Маразыковко милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М.Канполотов |