Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 5-октябры № 5

Кеңеш айыл аймагына раскол куруу жөнүндө

Базар-Коргон райондук ветеринардык башкармалыгынын 30.06.2023-жылдагы № 01-11/250 сандуу катына негиз, Кеңеш айыл аймагынын айыл чарба жаныбарларын мыйзамга ылайыктуу индентификациялоодо жылкыларга, ири мүйүздүү малдарга (ЧИП жана БИРКА салууда) жугуштуу ылаңдардын алдын алуу үчүн пландуу эмдөөлөрдү жүргүзүүдө, жарандардын жана ветеринардык адистердин өздүк коопсуздуктарын сактоо максатында раскол курууга жер аянтын ажыратуу боюнча Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

 

1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Кеңеш жайыт пайдалануучулар бирикмесине караган Үч-Тал участкасынан раскол курууга 0,15 сотых жер аянтын ажыратуу жагы жактырылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ч.Шерматовко милдеттендирилсин.

 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш.М.Канполотов