КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 15-сентябры № 1
Кеңеш жана Талдуу-Булак айыл аймактарын ирилештирип бириктирүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ № 350 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинде болгон кеңешменин № 20-12 сандуу протоколунун 5-пунктунда көрсөтүлгөн тапшырмалардын, Кеңеш айыл өкмөтүнүн 13.09.2023-жылдагы № 01-17/374 сандуу каты жана Кеңеш айыл аймактарында өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколдоруна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXIX-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кеңеш айыл аймагы жана Талдуу-Булак айыл аймактары ирилештирилип бириктирилгенине макулдук берилсин.
2. Бириккен айыл аймактар Кеңеш айыл аймагы деп атоо жагы жактырылсын.
3. Мурдагы Кеңеш айыл аймагына караган, азыркы учурда Базар-Коргон шаарына өтүп кеткен Совет айылы, Кызыл участогу толугу менен кайрадан Кеңеш айыл аймагына өткөрүлүп берүү жагы каралсын.
4. Кеңеш айыл өкмөтүнүн азыркы учурда пайдаланып жаткан имараты, айыл өкмөттүн карамагында калтырылсын.
5. Бириктирилип жаткан айыл аймагына керектелүүчү иш кагаздарын даярдап, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясына тапшыруу жагы Кеңеш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.М.Алкадыровко тапшырылсын.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
7. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
8. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.Усенбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М.Канполотов |