Редакцияот 11.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын

2023-жылдын 11-мартындагы № 10

 

Айгыр-Жал айылына спорттун волейбол түрүнө машыктыруучу алуу жөнүндө

 

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 11.03.2023-жылдагы №01-19/143 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылынын тургуну Алмазбеков Эрлан Алмазбековичтин 11.03.2023-жылда жазган катынын негизиндеги кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүң башчысы Б.Исабековдун 14.03.2023-жылдын №01-19/89/1 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Айгыр-Жал айылына Алмазбеков Эрлан Алмазбекович спорттун волейбол түрүнө машыктыруучу болуп алынсын. Мыйзамдуулук жагын карап иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.

 

 

Төраганын орун басары :

У. Качканаков