Редакцияот 11.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын

2023-жылдын 11-мартындагы № 8

 

Бейшеналы уулу Ахунаалы “Дүйнө Кубогуна” барып келүү үчүн акча каражатын которуп берүү жөнүндө

 

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 11.03.2023-жылдагы №01-19/144 чыгыш сандуу Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин 10.03.2023-жылдын №34 чыгыш сандуу катынын негизиндеги кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүң башчысы Б.Исабековдун 11.03.2023-жылдын №01-19/144 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек айылынын тургуну Самбо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Бейшеналы уулу Ахунаалынын 2023-жылдын 24-Мартынан 27-Мартына чейин Россия Федерациясынын Москва шаарында Самбо күрөшү боюнча “Дүйнө Кубогуна” катышып келүү үчүн спорттук иш-чараларга бөлүнгөн акча каражатынан 50 000(элүү миң) сом бөлүнүп берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.

 

 

Төраганын орун басары :

У. Качканаков