КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын
2023-жылдын 11-мартындагы № 7
Каныш-Кыя айылына айыл башчы алуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 14.02.2023-жылдагы №01-19/89/1 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айылына айыл башчы алуу үчүн өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу штаттык бирдигин ачуу жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүң башчысы Б.Исабековдун 14.03.2023-жылдын №01-19/89/1 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылында болгон элдик жыйында 11-протоколунун негизинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылына айыл башчы алынсын. Мыйзамдуулук жагы Каныш-кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
Төраганын орун басары : | У. Качканаков |