Редакцияот 11.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын

2023-жылдын 11-мартындагы № 5

 

Айгыр-Жал айылынын тургуну Токтоназарова Жазгүлгө акча каражатын которуп берүү жөнүндө

 

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.02.2023-жылдагы №01-19/106 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Токтоназарова Жазгүлдүн 14.02.2023-жылда жардам сурап жазган арызын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 27.02.2023-жылдагы №01-19/106 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Токтоназарова Жазгүл жана кызы Изанова Канышайдын көзүнө даарыланусуна Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынан 50,000(элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

 

Төраганын орун басары :

У. Качканаков