Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
2024-жылдын 19-ноябрындагы
№1 буйругуна тиркеме
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн
стандарттары
1. Ыктыярдуу негизде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жактар, анын ичинде жеке ишмердик жүргүзгөн жактар үчүн социалдык камсыздандыруу кызматы
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ыктыярдуу негизде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жактар, анын ичинде жеке ишмердик жүргүзгөн жактар үчүн социалдык камсыздандыруу кызматы - Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринин 3-главасынын 23-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын региондук органдары (мындан ары - региондук башкармалыктар). Мамлекеттик кызмат көрсөткөн региондук башкармалыктардын тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жактар: - Кыргыз Республикасынын жарандары; - чет өлкөлүк жарандар - Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган башка мамлекеттин жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жана кайсыл бир чет мамлекеттин жарандыгына таандык экендигин далилдей албаган, Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүргүзүүгө уруксаты бар жарандыгы жок адамдар; - жеке ишкерлер - Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган, мамлекеттик салык кызматынын аймактык органдарында мамлекеттик каттоодон кийин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда патенти бар болсо аталган органдарда катталбастан өз ишин жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар; - текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн кызматкерлери |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө” нускама |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн акыркы жыйынтыгы | Камсыздандыруу полиси |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда берилет: - санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайларда; - жарандардын санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга) тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыздоо боюнча ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар, жабдылган ажатканалар бар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттар күтүү үчүн орундар менен жабдылышы жана жылуулук, суу түтүгү, телефон байланышы менен камсыздалышы керек. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү жайлардын көрүнүктүү жерлеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга жана кызмат көрсөтүүлөргө убакыттын чеги (камсыздандыруу полисин тариздөө жана алуучуга берүү) - 15 мүнөткө чейин. Камсыздандыруу полиси бир айдан кем эмес жана 12 айга чейинки мөөнөткө берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды кабарлоо | ||
8 | Керектөөчүгө берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органга, региондук башкармалыктарга жеке кайрылганда; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: www.sf.gov.kg; - жазуу жүзүндө маалымдоо аркылуу (жазуу жүзүндөгү cуроо-талапка жооп); -телефон аркылуу; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасында; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө өз убагында жаңыланган маалыматтарды берүү бардык кайрылган адамга акысыз негизде кепилденет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө чагылдырылышы мүмкүн: - радио, теле көрсөтүү боюнча, маалымат сайттарында; - басылмаларда; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын сайтында: www.sf.gov.kg; - стенддерде, буклеттерде жана брошюраларда, мамлекеттик жана расмий тилдерде; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу; Даректер, телефон номерлери мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде, расмий сайтында жайгаштырылат (www.sf.gov.kg) |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органда жана региондук башкармалыктарда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин каалгаларында маалыматтык табличкалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жекече табличкалар (бейдждер) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташы керек: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамды уга билүү жана анын кез карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканы, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгарган кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек. Өзгөчө муктаждыктагы адамдар менен пикир алмашуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Алуучу жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тийиштүү мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Камсыздандыруу полисин сатып алуу үчүн арыз ээси мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын пункттарына кайрылышы керек. Арыз ээси төмөнкүлөрдү көрсөтүшү керек: - паспорт же инсандыгын ырастаган документ; - патент (эгерде иш патенттин негизинде жүргүзүлсө); - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тийиштүү суммасын төлөгөндүгү жөнүндө квитанция, чек же төлөм тапшырмасын; - ишке орношууга уруксат (чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн). Камсыздандыруу полиси башка адам тарабынан сатылып алынса, арыз ээсинин атынан иш аракет кылуу укугун ырастаган нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилет. Кызмат көрсөтүү үчүн ыйгарым укуктуу орган башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз ээси жөнүндө маалыматты алууга укуктуу. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысыз берилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартта айтылган шарттарга жана мөөнөттөргө ылайыктыгы жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка шарттар боюнча кодулоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайыктыгы: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулугунун, жарандарды кабыл алуу үчүң ыңгайлуу графиктин, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басылган жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, зарыл болгон документтерди толтурууда жардам көрсөтүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - акыркы жыйынтыктын (алынган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн) арыз берүүчүнүн күтүүсүнө шайкештиги; - даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук түрдө кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат portal.tunduk.kg. электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга юридикалык жактын суроо-талабын кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн юридикалык жак арыз ээсинин квалификациялуу электрондук кол тамгасы болгон учурда жеке кабинети аркылуу portal.tunduk.kg. электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында катталууга тийиш. Онлайн интерактивдүүлүктүн баскычы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагаз жүзүндө басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүндүгүнө ээ) |
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - белгиленбеген үлгүдөгү же кемтиги бар арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документтер берилгенде; - 16 жашка толо элек адамдарга; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер бербегенде |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыкканда алуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр талаптагыдай берилбесе, алуучу региондук башкармалыктын жетекчисине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндө даттануу эркин формада берилет жана мамлекеттик кызмат алуучунун аты-жөнү, жашаган жери, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, мамлекеттик кызмат алуучунун колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Жазуу жүзүндө кайрылууну карап чыгуу жана алуучуга жооптуу жиберүү мөөнөтү аны каттаган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Региондук башкармалык тарабынан кабыл алынган даттануу боюнча чечимге макул болбогон учурда, алуучу жогору турган инстанцияга - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органга кайта даттанууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечим менен канааттанбаганда же сапатсыз берилгенде алуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын чечимин соттук тартипте даттанууга укуктуу |
|
|
|
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуу мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен каралып турат |