Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XX сессиясы

 

2023-жылдын 28-сентябры № 1

 

Мин-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн  2023-жылдын бюджетинде  каралбаган айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы  үчүн келип түшкөн  акча каражатын бөлүп берүү  жөнүндө

  Мин-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинде каралбаган айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы  үчүн келип түшкөн 321100 (үч жүз жыйырма бир мин бир жүз)  сом акча каражатын бөлүп берүү  максатында Мин-Булак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын жыйырманчы  сессиясы токтом кылат :

          1.АРИС аркылуу ишке ашып жаткан Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп гимназиясынын №2 корпусун жылуулоо жана абалын жакшыртуу” долбооруна өздүк салым үчүн 240000 (эки жүз кырк мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

          2.Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Кылым карыткан кыргыз ала кийизи”фестивалынын уюштуруу иш-чараларына 50000 (элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

          3.Айыл ичиндеги түнкү жарыктандырууну жөнгө салып туруучу 4 даана таймер сатып алуу үчүн 6000 (алты мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

          4.Райондук архивге документтерди сактоого өткөрүү үчүн 25100 (жыйырма беш мин бир жүз )сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

          5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы  А.Жумакеевага милдеттендирилсин.

 

 Төрага  

 Т.Койчубаев