Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XX сессиясы

 

2023-жылдын 28-сентябры № 2

 

Долбоорлорду тандоо жөнүндө 

 

     Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын жыйырманчы сессиясы, АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар боюнча айыл өкмөт башчысы А.Жумакееванын жана АКИА АКнын төрайымы А.Акматованын маалыматын   карап чыгып, талкуулап токтом кылат:                             

1.“Миң-Булак айыл аймагындагы Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп гимназиясынын №2 корпусун жылуулоо жана абалын жакшыртуу” долбоорунун жалпы суммасы 2 197 625 (эки миллион бир жүз токсон жети миң алты жүз жыйырма беш) сом анын ичинен 1 957 625 (бир миллион тогуз жүз элүү жети миң алты жүз жыйырма беш) сом АРИСтин гранты,  өздүк салым 240 000 (эки жүз кырк миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.Экономикалык багыттагы долбоор “Пельмен цехине жабдыктарды сатып алуу”  долбоорунун жалпы суммасы 913100 (тогуз жүз он үч миң бир жүз) сом АРИС аркылуу каржылансын.

3.Жогорудагы ири долбоор Миң-Булак айыл аймагынын 2023-жылдын социалдык өнүгүү планына киргизилсин.

4.Ири долбоордо көрсөтүлгөн обьектилерди техникалык тейлөөдө жана пайдаланууда өздүк салымдарына карата чыгымдары жергиликтүү бюджеттен бекитилсин.

5.Ири долбоорго тиешелүү иш кагаздарын өз убагында дайындап берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл-чарба, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш жана мандат этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Койчубаев