КАРА-ДАРЫЯАЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
2023-жылдын 28-июлундагы № 20
“2023-жылдын 7 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетке пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетинин пландан ашыкча түшкөн кирешени пайдалануу жөнүндө ФЭБ башчысынын кайрылуусун угуп, талкуулап, Кара-Дарыя айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын киреше бөлүгүнүн 11111100 “Киреше салыгынын” -1800,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык кошумча жыйналган 1800,0 миң сом кирешелер эсебинен, 2023-жылы бекитилген чыгымдардан 701-аппарат бөлүмдүн 2224 беренесинин планы жылытуу системасына көмүр алууга 60,0 миң сомго, 3112 беренесине ноутбук менен принтер алууга 100,0 миң сомго, 709-билим берүү бөлүмдүн спорт мектебине 3112 беренесине мат алууга 95,9 миң сомго, 2224 беренеси балдар бакчаларына кошумча көмүр алууга 200,0 миң сомго, 2221 беренесине мектептердин жылытуу системасынын жарылгандыгынан оңдоо иштерине жана кышка даярдык көрүүгө 300,0 миң сомго, 3112 беренесине балдар бакчага (Көпөлөк, Мамалак) инвентарь алууга 190,0 миң сомго, 706- коммуналдык чарба бөлүмдүн 2221 беренесине Чаңгыр-Таш Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына утурумдук оңдоо иштерине (ГСВ) 94,1 миң сомго, жаңы конуштарга столба алууга 3111 беренесине 760,0 миң сомго акча каражаты бөлүнсүн.
Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 14151200 “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн” - 1850,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык кошумча жыйналган 1850,0 миң сом кирешелер эсебинен, 2023-жылы бекитилген чыгымдардан 709-билим берүү бөлүмдүн 3111 беренесине №20 М.Маткаримов мектебинин башталгыч класс окуучуларына сыртка ажааткана курууга 150,0 миң сомго, 3112 беренесине мектептерге электр счетчик АСКУЕ алууга 36,0 миң сомго, 2215-беренесине балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебине жаңы имарат куруу үчүн сметасын даярдоого (ПСД) 150,0 миң сомго, 2211 беренесине “Көпөлөк" балдар бакчанын жетекчисинин мектепке чейинки билим берүү уюмуна инвестиция тартуу менен Жалал-Абад облусу боюнча 1-орунду ээлеп, “Мыкты балдар бакчасы номенациясын” алгандыгы үчүн Республикалык август кеңешмесине делегат болуп шайлангандыгынан Бишкек шаарында өтүлүүчү Республикалык август конференциясына жана “Ийгиликтүү аймак-2” долбоору боюнча 5-сыйлык орунга ээ болгондуктан аймактарды өнүктүрүү форумуна катышууга сапар чыгымына 10,0 миң сомго, 3111-беренесине “Ак-Тилек” балдар бакчасына ашкана курууга 200,0 миң сомго, №19А.Абдукаимов орто мектебинин короосуна жабык спорт зал салууга документтерди жасатууга 200,0 миң сомго, 706-коммуналдык чарба бөлүмдүн 2221-беренесине Ак-Мечит айылындагы ФАПтын имаратынын утурумдук оңдоо иштерине 50,0 миң сомго, 2221 беренесине Төш, Арал, Чаңгыр-Таш айылдарына тротуар жасатууга курулуш материал алып берүүгө 470,0 миң сомго, 3112 беренесине айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан(вет.пункт 1 фазалуу, скважина Чыканак 3 ф, тез жардам 1 ф.) имараттарга 3 даана электр счетчик АСКУЕ алууга 74,0 миң сомго, 2221-беренесине Аксылык, Ак-Мечит участкасындагы таза суу тартуу үчүн (траншея) казуу кызматына 250,0миң сомго, 2221-беренесине Кайрагач айылын жарыктандырууга 40,0миң сомго, 2221-беренесине К.Закиров көчөсүнүн Сай участкасындагы чоң жолдун көпүрөсүн оңдоо иштерине жана труба алууга 150,0 мин сомго, 708-маданият бөлүмүнүн 2223-беренесине айыл аймактагы спортсмен аял-эркектерге форма тиктирүүгө 40,0 миң сомго, 2215-беренесине спортсмендерге күрөш боюнча Казань шаарына барып байгелүү орунду ээлегендиги үчүн 30,0 миң сомго акча каражаты бөлүнсүн.
3. Бекитилген бюджеттик чыгымдарды бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жана ФЭБ башчысы И.Темировага жүктөлсүн.
4. Берилген бюджеттик чыгымдарды өзгөртүү жагы Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
Кара-Дарыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| У. Абдыгапаров |