Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XX сессиясы

 

2023-жылдын 28-сентябры № 4

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгын аткаруу жөнүндө

                 

Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын жыйырманчы сессиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгын аткаруу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгы аткарууга алынсын.

2.2023-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында Элдик Курултай чакырылгандыгы эске алынсын.

3.Жергиликтүү Курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык  планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4.Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

5.Календардык планга ылайык Жергиликтүү Курултайды өткөрүү күнү 18-ноябрь, Жергиликтүү Курултайдын делегаттарынын саны 40 деп белгиленсин.

6.Жергиликтүү жамаатардын жыйындары 16-октябрдан 21-октябрга чейин өткөрүлсүн. 

7.Ушул токтом менен бекитилген Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык  планына жараша өз мөөнөттөрүндө аткаруу боюнча конкреттүү чаралар көрүлсүн.

8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам. 

 

 

Төрага       

   Т.Койчубаев

                                                                                    

 

                                                                                         1-тиркеме

 

                                                                                          Миң-Булак айылдык кеңешинин

                                                                                          2023-жылдын 28-сентябрындагы

                                                                                          №4 токтому менен бекитилген

 

Жергиликтүү Курултайды өткөрүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык  планы

 

№

Иш-чаралардын мазмуну

Өткөрүү

убактысы

уюштуруучулар

Негиз/эскертме

Элдик Курултайдын делегаттарын жергиликтүү жамааттардан шайлоо

1.

Жергиликтүү кеңеш тарабынан Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүчүлүктүү жыйындар (мындан ары-өкүлчүлүктүү жыйындар) жөнүндө чечимди сессияда кабыл алуу:

-өкүлчүлүктүү жыйындын  убактысын жана өтүүчү жерин аныктоо;

-өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн санын бекитүү;

-өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери (нормасы);

-жыйындарды өткөрүү графигин бекитүү;

-өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмесин бекитүү;

-өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү

2023-жылдын 6-октябрына чейин

Айылдык кеңеш

 

2.

Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүү

2023-жылдын 16-октябрынан 21-октябрына чейин

Айылдык кеңеш

 

3.

Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын көрсөтүү боюнча жамааттардын жыйындарынын протоколдорун жана өкүлдөрдүн анкеталарын чогултуп жалпылоо

Комиссиялар түзүлгөн учурдан тартып 2022-жылдын 15-октябрына чейин

Жумушчу топ

Бекитилген график боюнча

4.

Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын тизмесин тактоо, сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат даярдоо, ошондой эле өкүлчүлүктүү жыйындын күн тартибинин жана өткөрүү тартибинин долбоорлорун даярдоо

2023-жылдын 14-ноябрына чейин

Өкүлчү

лүктүү жыйын

дарды уюшту

руу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ

 

5.

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү

2023-жылдын 18-ноябры (ишемби)

Өкүлчү

лүктүү жыйын

дарды уюшту

руу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ

 

6.

 Өкүлчүлүктүү жыйындардын Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуу  протоколдору жана толтурулган анкеталарды уюштуруу комитетине жөнөнтүү

2023-жылдын 24-ноябрына чейин

Өкүлчү

лүктүү жыйын

дарды уюшту

руу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы                                                                А.Акматова

 

 

 

 

       

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                            2-тиркеме

 

                                                                                          Миң-Булак айылдык кеңешинин

                                                                                          2023-жылдын 28-сентябрындагы

                                                                                           №4 токтому менен бекитилген

 

 

Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун  курамы

 

1.1.Т.Койчубаев-айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;

1.2.М.Асанов-айылдык кеңештин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун орун басары;

1.3.М.Мадярбекова-жумушчу топтун катчысы

 

                               Жумушчу топтун мүчөлөрү:

 

1.4.Ж.Козубекова-айылдык кеңештин депутаты;

1.5.А.Уметов-айылдык кеңештин депутаты;

1.6.Т.Бокубаева-айылдык кеңештин депутаты;

1.7.Р.Усенов-айылдык кеңештин депутаты.

 

 

Жооптуу катчы                                                                А.Акматова