Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ДАРЫЯАЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы

2023-жылдын 28-июлундагы № 19

 

Кара-Дарыя айыл аймагынын башкы (генералдык) планын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 10.06.2022-жылдын № 313 токтомун аткаруу максатында, Кара-Дарыя айыл аймагынын башкы (генералдык) планын түзүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевтин маалыматын угуп, талкуулап, Кара-Дарыя айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен максаттуу трансферт катары Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш, Арал, Төш айылдарынын башкы (генералдык) планын иштеп чыгуу үчүн Республикалык бюджеттен келген 4711540 сом акча каражаты өз багытында сарпталсын.

2. Бөлүнгөн акча каражатынмаксаттуу жана мыйзамдуу иштетүү жагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Караевке милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом расмий түрдө сайтка жайгаштырылган күндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

 

Кара-Дарыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

У. Абдыгапаров