КАРА-ДАРЫЯАЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
2023-жылдын 28-июлундагы № 17
“Кара-Дарыя айыл аймагындагы Чаңгыр-Таш, Арал айылдарында ишке ашырылуучу “Күрүчтү кайра иштетүү” жана Акжуваз, шалы кургатуучу кургаткыч куруу ” бизнес долбоорлорду айыл аймагынын жергиликтүү-экономикалык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө”
Чаңгыр-Таш, Арал айылдарында АРИС тарабынан аткарылып жаткан “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан “Күрүчтү кайра иштетүү” жана “Акжуваз, шалы кургатуучу кургаткыч куруу” бизнесс долбоорлорун Кара-Дарыя айыл аймагынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү планына киргизүү тууралуу Кара-Дарыя айыл аймагынын АКИАсынын аткаруу комитетинин төрайымы Р.Кочкорованын өтүнүч каты менен таанышып, карап чыгып Кара-Дарыя айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш, Арал айылдарында АРИС тарабынан аткарылып жаткан “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан “Күрүчтү кайра иштетүү” жана “Акжуваз, шалы кургатуучу кургаткыч куруу” бизнес-долбоорлору Кара-Дарыя айыл аймагынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жүктөлсүн.
3. Токтом расмий түрдө сайтка жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кара-Дарыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | У. Абдыгапаров |