Редакцияот 15.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 28 сессиясы

 

2023-жылдын 15-декабрындагы № 83

 

“Айыл чарбалык арналаштагы жерди индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу (трансформациялоо) жөнүндө”

Жаран Илипов М.О. арызын карап чыгып, Пригород айыл өкмөтү Б.Шеримбековтун маалыматын угуп, Пригородный айыл кеңеши талкуулап жана пикир алмашып,

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Пригородный айыл аймагында №240 контурда жайгашкан, ижара укугундагы Илипов М.О. таандык болгон аянты 1,21 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер” категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин;

2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Пригородный айыл аймагында №240 контурда жайгашкан 1,21 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер” категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу жөнүндө өтүнүч келтирилсин.

3. Ушул токтомду аткарууга көзөмөл Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К. Шеримбековго жүктөлсүн.

 

 

Айыл кеңешинин

төраганын орун басары

 

А.Садкина