МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XVIII сессиясы
2023-жылдын 27-июну № 3
Миң-Булак айыл аймагына караштуу ички арыктарды райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Мин-Булак айылдык аймактык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакееванын Миң-Булак айыл өкмөтүнүн балансында турган 5 (беш) чакырым ички арыктарды, Бакай-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакееванын Миң-Булак айыл өкмөтүнүн балансында турган 5 (беш) чакырым ички арыктарды, Бакай-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2.Миң-Булак айыл өкмөтүнүн балансында турган 5 (беш) чакырым ички арыктар Бакай-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин.
3.Баланстан баланска өткөрүп берүү иштерин колго алуу Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакеевага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |