ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 24 сессиясы
2023-жылдын 22-сентябрындагы № 71
“Экинчи Элдик Курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календарлык планын түзүү жөнүндө”
2023-жылдын 29-июнундагы “Элдик Курултай жөнүндө” Конституциялык Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссияларды түзүү Пригород айылдык кенешинин 28 чакырылышынын депутаттары 24 кезексиз сессиясында карап чыгып талкулаардан кийин
ТОКТОМ кылды:
1. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча уюштуруу комиссиянын курамы 13 кишиден төмөндөгүдөй түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы: депутат Садкина А.А.,
Мүчөлөрү: депутат Бейшеева М.
депутат Борбиева Н.
депутат Исаков У.
депутат Гайыпова А.
жоопту катчы Усупбаев Н.
активист, айылдын тургуну Осмонова А.
Пригород айылынын квартальныйы Кулалиева А.
Степное айылынын квартальныйы Буряченко Г.
Озерный айылынын башчысы Маматкулова Н.
Степное айылынын башчысы Омурбеков А.
Пригородный айылынын жашоочусу Быржыбаева Б.
Озерный айылынын квартальныйы Мамырбаева Н.
2. Комиссиялар түзүлгөн учурдан тартып уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календарлык планына жараша иш алып барышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Пригород айылдык кенешинин төраганын орун басары Садкина А.А. жүктөлсүн.
Пригород айыл кенешинин төрагасы |
| Т.Омурзаков |