ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 23 сессиясы
2023-жылдын 14-июлундагы № 68
“Үмүт жаңы конушундагы жаңы көчөлөрдү кою боюнча”
Пригородный айылынын башчысы Шеримбеков Б.К. маалыматын угуп чыгып жана талкуулап, Пригород айылыдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-май №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомунун негизинде Үмүт жаңы конушунда №200,201,202,272 контурунда жайгашкан “25, 26, 27,28,29,30 жаңы көчө деп” жана күн чыгыш тарабындагы узун 1-147 салынган үйлөрдүн көчөсү Тамырчы көчөсү болуп убактылуу аталсын.
2. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалына Пригородный айыл аймагында жаңы Үмүт конушунда жаңы коюлган көчөлөрдүн убактылуу аталышы боюнча Пригород айыл өкмөтү кайрылуу жасасын.
3. Ушул токтомду аткарылышы боюнча көзөмөлдөө Пригород айыл кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жана Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К. Шеримбековго жүктөлсүн.
Пригород айыл кенешинин төрагасы |
| Т.Омурзаков |