Редакцияот 12.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясы

 

2024-жылдын 12-июлу № 201

“Суу-Башы айылындагы таза суу кампасынын  айланасын бекемдөө долбоорунун сунушуна  макулдук берүү жөнүндө ”.

 

 

  Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун сунушун угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

                                              Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун сунушу көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.

 

2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен Суу-Башы айылындагы таза суу кампасынын,

120 метр айланасын бекемдөө долбоорунун сунушуна,өздүк салым катары 500 000

(Беш жүз миң ) сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.

 

3.Калган 1 560 000 (Бир миллион беш жүз алтымыш миң) сом акча каражаты Лейлек райондук Өнүктүрүү фондунан суралсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

А.Саматов