Редакцияот 12.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясы

 

2024-жылдын 12-июлу № 202

“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер фондун       инвентаризациялоо материалдарына өзгөртүп,түзөтүү               (корректировка) киргизүү жумуштарын бекитүү жөнүндө ”.

 

КР Айыл чарба министрлигинин “КР Жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” 2023-жылдын 20-апрелиндеги №154-НИ буйругу,КР Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын 2023-жылдын январынын №12 буйругуна ылайык Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын

2023-жылдын 2-июнундагы №2/140 буйругунун,Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12-июнундагы №52 буйругунун негизинде жана “Кыргызмамжердолбоорлор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы тарабынан жүргүзүлгөн Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жалпы жер фондун инвентаризациялоо материалдарына өзгөртү,түзөтүү  (корректировка) киргизүү боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевдин маалыматын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

                                              Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер фондун  инвентаризациялоо материалдарын өзгөртүп,түзөтүү (корректировка) жумуштарынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевдин маалыматы көңүлгө алынсын.

 

2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер фондун  инвентаризациялоо материалдарын өзгөртүп,

түзөтүү (корректировка) жумуштары тиркемеге ылайык бекитилсин.(Тиркеме тиркелет).

 

3.Токтомду бекитип берүү жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевге милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология,жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

А.Саматов