Редакцияот 12.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясы

 

2024-жылдын 12-июлу № 204

           “Ак-Суу айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын          

                             Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө”.

 

  

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине ылайык,“Ак-Суу айыл аймагынын Жергиликтүү  жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө” Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Назырбаевдин  маалыматын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

                                               Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Назырбаевдин  маалыматы көңүлгө алынсын.

 

2. Ак-Суу айыл аймагынын Жергиликтүү  жамааттарынын Типтүү Уставын тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.

 

3. Ак-Суу айыл аймагынын Жергиликтүү  жамааттарынын Типтүү Уставында көрсөтүлгөн жергиликтүү жамааттардын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери КР Мыйзамдарына ылайык жөнгө салынсын.

 

4.Токтомду  Ак-Суу айыл өкмөтүнүн www.ak-suu-aa.qov.kq/admin/ сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин мыйзамдуулук,укук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

А.Саматов