Редакцияот 12.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясы

 

2024-жылдын 12-июлу № 205

 “Ак-Суу айыл аймагынын  чек арасынын схемалык  картасын бекитүү  боюнча”.

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактырынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары,кадастр,геодезия жана картография боюнча  мамлекеттик агенттигинин  “Кыргызмамжердолбоор”мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ак-Суу айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды.

                                              

 

1. Ак-Суу айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

 

2. Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасына жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын

 

3. Бул токтомду көчүрмөсү Лейлек районунун мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

 4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү  өзүмө калтырам.  

 

 

 

Төрага

А.Саматов