Редакцияот 10.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы

 

2024-жылдын 10-cентябры № 210

 “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча адисинин аткарган иштери жөнүндө”.

 

 

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн соцадиси Н.Баврайимованын 2024-жылдын алты айына карата  аткарган иштери боюнча билдирүүсүн  угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

                                                       Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн соцадиси Н.Баврайимованын билдирүүсү көңүлгө алынсын.

 

2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн соцадиси Н.Баврайимованын 2024-жылдын алты айына карата аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын. 

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын социалдык,маданий,билим берүү,спорт,миграция,туризм жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

А.Саматов