Редакцияот 10.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы

 

2024-жылдын 10-cентябры № 214

“Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүн уюштурууга акча каражатын берүү жөнүндө”.

 

 

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун 2024-жылдын 17-ноябрында өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча ”КР Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №256 Жарлыгына ылайык өткөрүү жөнүндө билдирүүсүн  угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

                                                       Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.

 

2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2024-жылдын 17-ноябрында өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоону уюшкандыкта өткөрүү максатында,шайлоо участкаларына керектүү предметтерди алуу үчүн  акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге милдеттендирилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

А.Саматов