Редакцияот 10.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы

 

2024-жылдын 10-cентябры № 215

 “Салыктарды эсептөөдө зоналдык коэффицентти  бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө ”.

 

 

Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын

2024-жылдын 10-сентябрындагы №026/07-3/530 чыгыш сандуу катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 398-беренесинин 3,4-бөлүгүнө жана

404-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык үй жанындагы короо-жай жана багбанчылык чарба жер участокторуна,калктуу конуштардын жерлерине,айыл чарба багытындагы эмес жерлерге жана мүлк салыгынын зоналдык коэффицентин бекитүү боюнча  Ак-Суу айыл өкмөтүнүн улук салык инспектору К.Халмуратовдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

                                                  Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн улук салык инспектору К.Халмуратовдун  билдирүүсү көңүлгө алынсын.

 

2. Ак-Суу айыл аймагындагы салыктарды эсептөөдө Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 398-беренесинин 3,4-бөлүгүнө жана 404-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык үй жанындагы короо-жай жана багбанчылык чарба жер участокторуна,калктуу конуштардын жерлерине,айыл чарба багытындагы эмес жерлерге жана мүлк салыгынын зоналдык коэффиценти 0,7  өлчөмдөн  эсептелүүгө макулдук берилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

А.Саматов