ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 20 кезексиз сессиясы
2023-жылдын 23-январындагы № 44
"Айыл чарбалык арналаштагы жерди индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу (трансформациялоо) жөнүндө"
ОсОО "Ростлогист" директору Острецов К.А. "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер" категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу жөнүндө арызын карап чыгып, Пригород айыл өкмөтү Б.Шеримбековтун маалыматын угуп, Пригородный айыл кеңеши талкуулал жана пикир алмашып,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Пригородный айыл аймагында Nº276 контурда жайгашкан, менчик укугундагы Острецов К.А. таандык болгон аянты 1,56 га жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан "Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер" категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин;
2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Пригородный айыл аймагында Nº276 контурда жайгашкан 1,56 га жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер" категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу жөнүндө өтүнүч келтирилсин.
3. Ушул токтомду аткарууга көзөмөл башчысы Б.К. Шеримбековго жүктөлсүн.
Пригород айыл кенешинин төрагасы |
| Т.Омурзаков |