Редакцияот 18.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 9 сессиясы

 

2022-жылдын 18-февралындагы № 21

 

"Айыл чарбалык арналаштагы жерди индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу (трансформациялоо) жөнүндө"

 

ОсОО "Нураймир" директору Телеушев Т.С. арызын карап чыгып, Пригород айыл өкмөтү Б. Шеримбековтун маалыматын угуп, Пригородный айыл кеңеши талкуулап жана пикир алмашып,

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Пригородный айыл аймагында Nº277 контурда жайгашкан, менчик укугундагы Телеушев Т.С. таандык болгон аянты 2,346 га жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер" категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин;

2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Пригородный айыл аймагында Nº277 контурда жайгашкан 2,346 га жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан " Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер" категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу жөнүндө өтүнүч келтирилсин.

3. Ушул токтомду аткарууга көзөмөл Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К. Шеримбековго жүктөлсүн.

 

 

Пригород айыл

кенешинин төрагасы

 

Т.Омурзаков