ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XX сессиясы
2023-жылдын 17-январы № 50/20-8
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 27.12.2022-жылдагы №31/19-8 сандуу “Дем берүүчү үлүштүк долбоорлорду тандоо” жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 16.01.2023-жылдагы №01-19/89 чыгыш сандуу катынын жана “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 27.12.2022-жылдагы №31/19-8 сандуу “Дем берүүчү үлүштүк долбоорлорду тандоо” жөнүндө токтому менен бекитилген комиссиянын курамындагы депутаттардын Талас шаардык кенешинин төрагасы А.Жусупбековдун ордуна анын орун басары Р.Исаева киргизилип, тиркемеге ылайык, бекитилсин.
2.Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына тапшырылсын.
Төраганын орун басары Р. Исаева