Редакцияот 02.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

2024-жылдын 02-августу  №5/3

 

« Кез-Арт айылындагы Ак-Таш участкасына баруучу жолго ат коюу сунушун кароо жөнүндө».

Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, боюнча туруктуу комиссиянын күн тартибиндеги каралуучу маселе боюнча корутундусун карат, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Кез-Арт айылындагы Кожобеков Сатылган Эсентаевичтин үйүнүн тушунан күн чыгышты карай Ак-Таш участкасына баруучу унаа жолго Кез-Арт айылынын тургуну Бокоев Кенжегулдун ысымы ыйгарылсын.

2.    Аталган токтомду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоого көмөк көрсөтүү жагы өкмөт башчы Т.Султамуратовго жүктөлсүн.

3.    Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

 

 

Төрага:

 

У.Жунусалиев