Редакцияот 02.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

2024-жылдын 02-августу  №5/4

 

« Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн балансындагы техникалардын келишимин жокко чыгаруу сунушун кароо жөнүндө».

Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, боюнча туруктуу комиссиянын Күн тартибиндеги маселе боюнча корутундусун карат, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.     Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн балансындагы техникалар, 2024-жылдагы өкмөт башчы менен айдоочулардын ортосунда түзүлгөн келишимдер аяктагандан кийин “Таза-Жашыл-Өрөөн” муниципалдык ишканасына өткөрүлсүн.

  1. Аталган токтомду www.kara-kamysh.gov.kg расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Кубанычбек у фархатка жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 

У.Жунусалиев