КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-августу № 2
Социалдык объектилерге бөлүнгөн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн карамагындагы социалдык объект курууга калтырылган жер аянтын трансформациялоо максатында депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII - чакырылышынын 14-сессиясы токтом кылат:
1. 2022-жылы Кең-Арал айыл өкмөтү тарабынан Мамырбеков Нургазы менен түзүлгөн № 38 чөйрө сызыгындагы келишим жокко чыгарылсын.
2. Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу №38 чөйрө сызыгындагы 0,50га айыл чарба багытындагы жайыт жер категориясынан, калктуу конуш жер категориясына “мектеп” же “бала бакча” куруу үчүн трансформациялоого уруксат берилсин.
3.Жер тилкесин трансформациялоо жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага Б.Токонов