Редакцияот 02.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

2024-жылдын 02-августу  №5/5

 

« Кара-Камыш көлүнө АРИС тарабынан келген боз үйлөрдү Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө ».

АРИС коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу боюнча долбоордун координатру М.Э.Баялиевдин 2024-жылдын 13-июнундагы №10-498 катынын негизинде билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      “CASSA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорун ишке ашырууда АРИС тарабынан кандайдыр бир шек жаратуучу тушүнбөстүктөрдү тактоо жана келишимдин мыйзамдуулугун аныктоо үчүн төмөнкүдөй курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:

1)    Базарчиева Гүлмира Каланбаевна - комиссиянын төрайымы

2)    Алымкулов Аскаралы Анарбаевич

3)    Мазакеев Шайымбек Турдубаевич

4)    Айтымбет у Элбурс

5)    Сатыбаев Абдылдабек Тургуналиевич

6)    Сүйүтбеков Абийир Таабалдиевич

7)    Анарбекова Нур Надырбековна

2.      Аталган токтомду www.kara-kamysh.gov.kg расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Кубанычбек у фархатка жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

У.Жунусалиев