Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 10-августу № 8

 

Жер участоктор жөнүндө

 

Кең-Арал  айылынын тургуну турмуштун оор кырдаалына кабылган 1973 жылы туулган Мыктыбекова Гүлнарага жардам көрсөтүү максатында жана жашоо шартын жакшыртуу максатында  жер участогун бөлүп берүү жагын талкуулап депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин  VIII - чакырылышынын  14-сессиясы токтом кылат:

 

1 .Кең-Арал  айылынын тургуну Мыктыбекова Гүлнаранын баласы  Кушчубек уулу Абжалбекке 0,08га жер тилкеси бөлүнүп берилип, айыл өкмөтү тарабынан токтом чыгарылып берилсин.

2. Кең-Арал  айылынын тургуну Мыктыбекова Гүлнаранын баласы  Кушчубек уулу Мирланга 0,08га жер тилкеси бөлүнүп берилип, айыл өкмөтү тарабынан токтом чыгарылып берилсин.

3. Токтомдун аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы   Ч.Алымкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага  

 Б.Токонов