Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 10-августу № 9

Социалдык объектилерге бөлүнгөн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө

 

 Кең-Арал айыл өкмөтүнүн карамагындагы социалдык объект курууга калтырылган жер аянтын трансформациялоо максатында депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII - чакырылышынын  14-сессиясы  токтом кылат:    

                                                           

1. Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу №38 чөйрө сызыгынын чыгыш тарбынан 0,20га айыл чарба багытындагы жайыт жер категориясынан, убактылуу элге кызмат көрсөтүү (көмүр сактоочу жай) үчүн трансформациялоого уруксат берилсин.

2. Жер тилкесин трансформациялоо жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик  администрациясына сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы   Ч.Алымкуловго жүктөлсүн.

  Төрага        

 Б.Токонов