КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-августу № 10
Мамлекеттик акты алуу үчүн бөлүнгөн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн аймагындагы суу маселесин жакшыртуу жана чечүү максатында Талас району менен чектеш токой тилкесинен баштап ошол жердеги №331 чөйрө сызыгындагы “суу топтоочу жай” (БСР) жана Камчы арык каналын Шаа жамаатынын жерленине чейин жана №204 чөйрө сызыгындагы каналга сууну коромжусуз алып келүү максатында карап, талкуулап депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII чакырылышынын 14-сессиясы токтом кылат:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн аймагындагы №331 чөйрө сызыгындагы “суу топтоочу жай” (БСР) толугу менен, № 204 чөйрө сызыгындагы узундугу 450 метр жана туурасы 10 метр, № 191, 192, 193, 194, 195, 198, 200, 201, 278, 279, 326, 327, 329, 330 жана 332 чөйрө сызыгындагы Камчы арыкты башынан этегине чейин туурасы 12 метр жерге трансформациялоого уруксат берилип, жана мамлекеттик акты алынсын.
2. Жер тилкесин трансформациялоо жана мамлекеттик акты жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Токонов |