ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 9-ноябры №113/XXVIX-28
Чыгымдардын сметасын жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Р. С. Абалбекованын эркин калдыктын эсебинен атайын эсеп боюнча чыгымдардын сметасын көбөйтүү, ошондой эле атайын эсеп боюнча киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө маалыматын угуп, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көбөйтүүгө макулдук берилсин:
а)эркин калдыктын эсебинен атайын эсеп боюнча чыгымдардын сметасы , төмөнкү бөлүм боюнча:
Бала бакча -70911 2218 берене + 135,5 миң сом.
б) атайын эсеп боюнча киреше планынын келип түшүүсүнө байланыштуу киреше жана чыгаша бөлүгүнүн төмөнкү бөлүм боюнча:
Бала бакча -70911 142324 берене + 862,4 миң сом,
2218 берене + 862,4 миң сом
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Р.Шайлдабеков |