Редакцияот 27.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин I кезектүү сессиясынын

 

2021-жылдын 27-январы № 1-1

 

Ак-Талаа  айыл  аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жыл үчүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн жана 2022-2023-жылдарга болжолдуу киреше, чыгашаларын бекитүү жөнүндө

 

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.

Кирешелер боюнча:

Жергиликтүү кирешеден түшүүчү салык 4261,3 мин сом

Тендештирилген грант 5327,6 мин сом

Бардыгы: 9588,9 мин сом

(Кирешелердин түрлөрү боюнча тиркеме тиркелет)

Чыгашалар боюнча:

А) Башкаруу аппаратына: 5185,5 мин сом

Б) Экономикалык маселелер (жайыт): 393,1 мин сом

В) Маданият: 658,0 мин сом

Г) Билим берүүгө: 3133,1 мин сом

Д) Атайын каражат 219,2 мин сом 

Бардыгы: 9588,9 мин сом

(Чыгашалардын түрлөрү боюнча тиркеме тиркелет)

2. 2021-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча киреше бөлүгү 9588,9 мин сом. Чыгашалар бөлүгү 9588,9  мин сом бекитилсин. Бюджетте көрсөтүлгөн акча каражаттар тиешелүү статьялар, элементтер боюнча жумшалсын.

3. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү кирешеден түшүүчү салык 4356,3 мин сом. Тендештирилген грант 5398,7 мин сом. Жалпы: 9755,0 мин сом. 2023-жылга жергиликтүү кирешеден түшүүчү салык  4432,3 мин сом. Тендештирилген грант 5446,8 мин сом, жалпы: 9879,1 мин сом бекитилсин.

4. Бул  токтом айыл өкмөтүнүн  www.ak-talaa.org.kg  веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кенештин төрагасы:

А.Туюкбаев