ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 9-ноябры №112/XXVIX-28
Штаттык ырааттамасын өзгөртүүнү жана тез жардам айдоочусуна акы төлөөнү бекитүү жөнүндө
"Эмгек-Люкс" муниципалдык ишканасынын штаттык ыраттамасына өзгөртүүнү бекитүү жана тез жардам айдоочусуна акы төлөө жөнүндө "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин, "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Т. Буйляшевдин маалыматын талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1."Эмгек-Люкс" муниципалдык ишканасынын штаттык ырааттамасына өзгөртүүлөр бекитилсин.
2.Тез жардамдын айдоочусу – штаттык бирдиги киргизилсин. Штаттык ыраттамага ылайык, 2023- жылдын 1- ноябрынан баштап төлөнсүн. Айлык эмгек акысы 13164 сомду түзөт.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Буйляшевге жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Р.Шайлдабеков |