Редакцияот 21.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин № 1 кезексиз сессиясынын

 

2020-жылдын 21-февралы № 1-4

 

Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн 01.01. 2020-жылга 2019-жылдан бюджетке калдык болуп калган 2 611 733,54 мин сом акча каражатын кароо жөнүндө

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Булак участкасындагы 200 га жер аянтына индустриалдык соода логистикалык борборун курууга 25.10.2019-жылы Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн 4405031001000764 счетунун 14152400 элементине жергиликтүү бюджетке алынбай калган пайда үчүн келип түшкөн 1 782 000 (бир миллион жети жүз сексен эки мин) сом акча каражаты Нарын эркин экономикалык аймагына артка кайтарылып, которулуп берилсин.

2. 829 733,54сом калган акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнсүн:

–     Келишим менен алынган ветеринардык адистин айлыгы жана соцфонд үчүн төлөмдөргө- 179 950 сом

–     Айылдык Кенештин төрагасынын айлык акына жана канцелярдык товарларына – 15 000,54 сом

–     А.Чортеков орто мектебинин жылуулук системасына өздүк салым – 315 600 сом

–     ГСМге -100 000 сом

–     Айыл өкмөтүнө канцелярдык товарлар үчүн – 52 500 сом

–     Экотехинспекциянын айып пул төлөмдөрүнө – 12 500 сом

–     Вебсайт – 8000 сом

–     Афган күнүнө – 7500 сом

–     Терек-Суу айылынын түнкү чырактарынын ремонту үчүн 35 000 сом

–     Интернет үчүн- 23 220 сом

–     Командировкалык чыгымдар үчүн – 10 463 сом

–     Нооруз майрамына 15 000 сом

–     7-апрелге 10 000 сом

–     9-майга 5000 сом

–     1-июнь балдар күнүнө 10 000 сом

–     Спорттук иш чаралар үчүн 30 000 сом

 

3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.

 

 

 Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Туюкбаев