Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 6-октябры №106/XXVII-28

Кредиттерди жылдыруу жөнүндө

Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Буйляшевдин чарбалык жана канцелярдык товарларды сатып алууга, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана санитардык тазалоо үчүн сметалык ассигнованиелердин жетишсиздигине байланыштуу кредиттерди жылдыруунун зарылдыгы жөнүндө маалыматын карап чыгып, Люксембург айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.С.Абалбекова төмөнкү бөлүм боюнча кредиттерди жылдырууларын жүргүзсүн:

-ТЖКЧ                            70629            31113290 беренеси -800,0 миң сом

70629            22154900 беренеси + 350,0 миң сом

70629            22221200 беренеси + 450,0 миң .сом

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө экономика, каржы, бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Буйляшевге жүктөлсүн.

 

Люксембург айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Р.Шайлдабеков